Талас облусунда 30 үй-бүлөгө битир-садака таратылып берилди

Талас облусунда 2020-жылы садака-битирдин эсебинен чогулган акча каражаты жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилүүдө.

Талас областтык мусулмандар казыятына жалпы суммасы отуз миң сом келип түшкөн. Ал каражат 30 үй бүлөгө 1000 сомдон берилди.  

Түшкөн каражатты муктаждарга, жетим жесирлерге жана арыз менен кайрылгандардын социалдык абалына карап таратылууда.

Садака-битир таратуу иш-чарасына Талас облусунун казысы Бапиев Таалай ажы анын орун басары Сагынбаев Медер ажы катышып, бул жылы чогултулган битир-садака муктаждарга атайын тизменин негизинде калыс бөлүштүрүлүп берилгенин кошумчалады.