КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү Чита шаарынын Муфтийи Алмаз ажы Салахов менен жолугушуп, кызматташуу жаатында пикир алышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы  өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Чита шаарынын Муфтийи Алмаз ажы Ростамович Салахов менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда КМДБнын Россия Федерациясындагы  өкүлү Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин саламын жолдоп, Чита шаарынын Муфтийинин ишине ийгиликтерди каалады. Андан соң, тараптар эки тараптуу кызматташууну талкуулашып, Чита шаарында эмгектенип жүргөн мекендештерибизге Ханафий мазхабы, Матуридий  акыйдасы, үй-бүлө жана ден соолуктун баалуулуктары, адал-арам, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин биргеликте жүргүзүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу алаканы бекемдеп, тыгыз кызматташуу боюнча макулдашышты.

«Чындыгында Россияда эмгектенип жана билим алып жүргөн мекендештерибиз абдан көп. Колдон келишинче аларды туура жолго чакырып, ар кандай терс диний агымдардан оолак болууга үндөөдөбүз»,-деди КМДБнын Россия Федерациясындагы  өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев .