Кызыл-Кыя шаарынын баш имамы шаардагы имамдарга бир катар тапшырмаларды берди

Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязов шаардагы имамдарга жыйын өткөрүп, учурдагы кырдаалга байланыштуу төмөкүдөй тапшырмаларды берди.

  1. КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, беш убак жамаат намазын үйдөн окуу.
  2. Той жана башка маарекелерди убактылуу өткөрбөө боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
  3. Маркумду акыркы сапарга узатууда аз сандагы жакын туугандарынын катышуусу менен гана өткөрүү үчүн боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу.

«Сиздерге чоң жоопкерчилик жүктөлүп жатат. Тажы илдеттин алдын алууда өз милдетибизди так аткаралы. Көңүл коштукка кылгандар жоопкерчиликке тартылаарын эскертем»,-деди Мукадас ажы Кожониязов.