Мамбетасан ажы Ибраев: Жараткан элибизди балээ кырсыктардан, оорудан сактаган болсун

Нарын облусундагы мечиттердин бардыгында жума намаздары жана беш убак намаздар учурдагы кырдаалга байланыштуу сактык чараларын сактоо менен өткөрүлүп жатат.

Буга чейин Республикалык ыкчам штабынын чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы мечиттерге чектөөлөр алынганына байланыштуу 8-июндан тартып Кыргызстандын аймагындагы анын ичинде Нарын облусундагы мечиттердин бардыгы санитардык сактык чараларын толук сактоо менен ачылган эле.

Мечиттердин ачылуусуна карата Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан берилген буйруктарынын жана Нарын казыяты тарабынан берилген тапшырмалардын алкагында мечиттердин ачылуусуна карата жугушсуздандыруу иштери жүргүзүлүп, даярдыктар көрүлгөн. Аны менен катар жума намаздарын дагы өткөрүү боюнча бир катар талаптар коюлду. Ошондой эле беш маал намазга, жума намазына келе турган жарандарга массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактар аркылуу мечиттерге келүү тартиби толук жеткирилип берилди.

Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев учурдагы кырдаалга байланыштуу баш имам хатибдерге талаптардын так аткарылуусу керек экендигин баса белгилеп, жарандардын ден соолугу биринчи орунда тураарын, мечиттерге келүүдө адамдардын сактык чараларын сактоосу зарыл экендигин баса белгиледи.

«Оору күч алды, өлүм житимдер дагы көбөйдү. Сактык чараларын күчөтүүбүз керек. Жума наамдарына жана беш маал намаздарына келип жаткан адамдардын дене табын, бет кап кийип келүүсүн, аралыкты сактоосун жана антисептикалык каражаттарды колдонуусун көзөмөлгө алалы. Жума намаздарында дагы дуба кылалы, Жараткан элибизди балээ кырсыктардан, оорудан сактаган болсун»,- деди Мамбетасан Ибраев.