Жалал-Абад облустук казыяты эки бөйрөгү жабыркаган кызга 181 800 сомдук акчалай жардам көрсөттү

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун тургуну Зияда Асранкулова эки бөйрөгү иштен чыгып, учурда оору менен алышып жүргөн убагы. Жумасына эки жолу гемодиализ аппаратына түшүп турат.  Дарыгерлер болсо бөйрөгүн Түркиядан алмаштырууга 20 000 АКШ доллары керек экендиги, донор болууга 33 жаштагы бир тууган эжеси Венера Асранкулова бөйрөгүн берүүгө даяр экени маалымдалган.

Жаш кыздын өмүрүн сактоого Жалал-Абад облустук казыяты кайдыгер карап турбастан демилге көтөрүп, Россиянын ар кайсы шаарларында иштеп жүргөн мекендештер 181 800 сом которуп беришкен. Бул аманат акчаны  Жалал-Абад облустук казыятынын катчысы Нуржан ажы Байзаков кызматкерлер менен бирге бейтаптын үйүнө барып, өз колу менен тапшырып кайтты.

“Карындашыбызга Жараткан ден соолук берип, операциясы ийгиликтүү болсун. Бөтөн эл, бөтөн жерде жүрүп, өз  муктаждыктарынан өзгөнүн муктаждыгын жогору койуп, жардам колун узаткан мигрант уул-кыздарыбыз да тынч болсун. Мекендештерибизди  кайрымдуулук кылууга  чакырабыз”-деди Нуржан ажы Байзаков.