Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: Апрель айында «Орто Азия ынтымагы» аталышындагы иш-чара өткөрөлү деп сүйлөшкөнбүз

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан боордош казак элине, Казакстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жалпы жамаатына жана Абдыгаппар Смановдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

«Сарыагаш медресе-колледжинин директору, белгилүү дин аалымы, досубуз  Абдыгаппар ажы Сманов дүйнөдөн өттү. Бул чоң жоготуу жана орду толгус оор кайгы. 2019-жылдын ноябрь айында Казакстандагы чоң мечиттин ачылышына барганбыз. Ошондо Абдыгаппар ажы Сманов менен апрель айында «Орто Азия ынтымагы» аталышындагы иш-чара өткөрөлү деп сүйлөшкөнбүз. Тилекке каршы, пандемияга байланыштуу болбой калды. Андан кийин эле мына минтип түбөлүктүү сапарга жол тартты».