Руслан ажы Жумагулов: Эскертүү ыймандууларга пайда берет

Бүткүл ааламды жоктон бар кылган жана кааласа бардыгын көз ирмен арасында жок кылуу күчүнө ээ, Жаратуучу Аллах Таалага мактоолор болсун! Акыркы элчи, биздин сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) га салам жана салаваттар болсун!

Урматтуу Чүй облусунун тургундары жана коноктору, жалпы кыргыз элим! Башыбызга оор илдет келип, алакандай болгон элибиз кыйналган учур болуп турат. Ар бирибиз колубуз менен да, мал-мүлкүбүз менен да, ой-пикирлер менен, бата-тилек менен, кыскасы кимдин кандай мүмкүнчүлүгү болсо, ошого жараша кыйналгандарга, мекендештерге көмөк көрсөтөлү.

Учурдун баатырлары, ак халатчан дарыгерлелерибиздин айтканын угуп, алардын көрсөтмөлөрүн толук аткарып, аты жаман илдетти жеңгендин арекетин кылалы. Бардык санитардык эрежелерди сактап, өздүк гигиенага бекем болуу менен бирге, Кудай Тааладан бата тилеп, кетирген ката кемчиликтер үчүн тообо кылып, руханий тазалакты да эстен чыгарбайлы.

Бет кап тагынып, зарыл болбосо сыртка чыкпастан, эл көп чогула турган жерлерден оолак бололу. Пайгамбарым (с.а.в) куттуу хадистеринин биринде: «Эгерде кайсыл бир жерде чума (же бөлөк жугуштуу оору) чыкты деп уксаңар, ал жерге барбагыла. Эгерде өзүңөр ошол жерде болсоңор, ал жерден качып чыкпагыла» — деген. Демек, ушундай учурларда обочолонуу бул да шариатыбыздын талабы.

Ошондой эле Чүй облусундагы диний кызматкерлерге да кайрылып кетет элем: «Мечиттерди таза кармап, ар дайым дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп, намазга келгендер бет кап тагынып, аралыкты сактоосун бекем көзөмөлгө алгыла. Жалпы журтка бата тилеп, пайдабызды тийгизи албасак, жок дегенде зыян жеткизбейли. Эскертүү ыймандууларга пайда берет».

Кудай Таалам элибизди, жалпы калайык калкты аты жаман илдеттен арылтып, ооруп жаткандарга шыпаасын берсин.

Терең урматтоом менен, Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов.