«Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын диний окуу борбору обсервацияга берилет


«Ооруу адам тандабайт» дегендей азыр оору күч алып жаткан чакта мамлекетке колдон келишинче жардам берүү үчүн «Козү кызы Бурмакан» атындагы аялдардын диний окуу борборунун объектисин обсервация катары пайдаланууга даяр. Мындай пикирин Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев билдирди.  

Буга чейин Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» жана «Сулайман-Тоо» медреселерин обсервация пайдаланууга даяр экенин билдирип, мэрия кызматкерлерине маалымдалган.

Мындан тышкары Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов Ош колледжин обсервация катары пайдаланууга берүүгө даяр экендигин жарыялаган эле.