Кыргызстан Ислам университетинин Ош шаарындагы “Куран жаттоо колледжинин” имараты обсервация катары пайдаланууга берилет

Ош шарынын чок ортосунда жайгашкан. 100 орундуу, ичинде бүт шарты бар Кыргызстан Ислам университетинин Ош шаарындагы “Куран жаттоо колледжинин” имаратын пандемиядан улам элге убактылуу обсервация катары пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов билдирди.

— Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын.Аллах Таала Касиеттүү Куранда: “Ушундай жакшы иштерде жарышчулар болсо жарышсын” – дейт. Жакшылыктын түрү көп. Бирок, анын маанилүүсү, пайдалуусу жана сооп-сыйы көбүрөгү — муктаждык күчөгөн учурдагы жакшылык. Учурда Жараткандын тагдыры менен башыбыздан кыйын күндөрдү өткөрүп жатабыз. Мамлекетибиздин да, элибиздин да муктаждыгы күчөп турган учурда элине азбы-көппү жардам берүү колунан келген ар бир адам четте карап турбашы керек.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Силердин эң жакшыңар – элге пайдалууңар” – деген. Ошондуктан, мүмкүнчүлүгү барлардын баарын элге пайдасын тийгизүүгө чакырамын. Ошол эле учурда айтканым куру сөз болбошу үчүн үлгү, өрнөк катары өзүм жана жалпы жамаатыбыз колубуздан келген жардамды көрсөтөбүз. Буга чейин үлкөн аалым Чубак устазыбыз өзүнүн мечитин оорулуулар үчүн пайдалаанууга берүүгө даяр экенин айтты.

Ушундай эли үчүн күйгөн инсандар баштаган жөрөлгөнү улай, биз дагы Кыргызстан Ислам университетинин Ош шаарындагы “Куран жаттоо колледжинин” имаратын элге убактылуу пайдаланууга берүүнү туура таптык. Эгер зарылдык күчөп, муктаждык жаралса, шаардын башчылыгы менен макулдашып, имаратты ишке берүүгө даярбыз. Имарат Ош шарынын чок ортосунда жайгашкан. 100 орундуу, ичинде бүт шарты бар. Ар бир бөлмөсүндө даараткана, душу, ошондой эле атайын тамак бышырчу жана тамак ичүүчү орундары бар.

Кылган жакшылыктарыбыз элибиздин кайсы бир көйгөйүн чечүүгө салым кошсо, биз ага чоң кубанычтабыз. Албетте, тагдырдын бул сыноосунан сынбай биргеликте чыгып кетүүнү Жараткандан дуба кылып суранабыз. Аллах Таала элибизге тынчтык, бейпилдик берип, оору-сыркоодон аман-эсен чыгып кетүүнү насип кылсын. Түн канча узун болбосун акыры күн чыкпай койбойт. Бул кыйынчылыктардын артынан көп жакшылыктар келерине ишенемин.

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, сабыр жана кайраттуулук тилеп, урматым менен Абдишүкүр Нарматов

Байланыш тел: 0557500243 (0778) 008886