Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» жана «Сулайман-Тоо» медреселери обсервацияга берилет

Ош шаарында жайгашкан «Умму Мухаммад» жана «Сулайман-Тоо» медреселерин обсервация катары пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда COVID-19 вирусунун кескин жайылышынан улам ооруган адамдар көбөйгөнүнө байланыштуу Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» жана «Сулайман-Тоо» балдар медреселери обсервация катары колдонууга берүүгө даяр.

Айта кетсек, «Умму Мухаммад» жана «Сулайман-Тоо» медреселери заман талабына ылайык курулуп, бардык шартка жооп берет.