Абибилла ажы Кадырбердиев: Кыйын күндө алыс-жакындагы мекендештерибиздин, коңшулаш жана кызматташ өлкөлөрдүн көрсөтүп жаткан колдоосү чындыгында жүрөктү элжиретет

Урматтуу мекендешим, кадырлуу мусулман бир тууганым!

Акыйкатта, дүйнөдө жана өлкөбүздө кырдаал оор болуп турат. Жараткан тартуулаган жанды, ден-соолукту сактап калуунун аракетин көрүп жатабыз. Мындай учурда эреже-тартиптерди сактоо менен бирге бир-бирибизге жана өлкөбүзгө колдоо көрсөтүү атуулдук да, мусулмандык да парзыбыз.

Кыйын күндө алыс-жакындагы мекендештерибиздин, коңшулаш жана кызматташ өлкөлөрдүн көрсөтүп жаткан колдоосү чындыгында жүрөктү элжиретет. Калыс ниет менен жардам берип жаткан өлкөлөргө жана инсандарга Алла Таала ыраазы болсун.

Пандемия бардык мамлекеттердин шайын оодарып, оору-сыркоо, өлүм-житим көбөйүп жаткан чакта паникага алдырбастан, сабырдуу бололу. Анткени, сабырдуулук, токтоолук, позитив ой жүгүртүү — айыгуунун, шыпаанын жарымы.

Бул дүйнө чындыгында сыноо дүйнөсү. Сыноо дүйнөсүнө инсан катары жаралган соң, ар түрдүү машакаттарга, оору-сыркоолорго жана башка кыйынчылыктарга дуушар болуу бар. Ата-бабаларыбыз «Турмушуң (жашооң) эшек араба, туулдуң калдың балаага» — деп бекеринен айтпаган чыгар.

Тарыхка кылчайсак, такыбаалыгы, ыкласмандыгы, ибадаткөйлүгү, пакизалыгы, ак ниеттүүлүгү, калыстыгы, айтор, төрт тарабы келишкен, Кудай сүйгөн инсан болгонуна карабай, пайгамбарлар да оор сыноолорго дуушар болушкан.

Алла Таала Бакара сүрөсүнүн 155-аятында: «Биз силерди коркунуч жана ачкачылык сыяктуу нерсе менен, ошондой эле мал-мүлкүңөрдү, жаныңарды, түшүмүңөрдү кемитүү аркылуу сынайбыз. Сабыр кылгандарга сүйүнчүлө!»- деп буюрган.

Айрыкча, кыйынчылык болсун, ооруу-сыркоо болсун, эң оор, эң мүшкүл учурда көрсөтүлгөн сабырдуулуктун сообу мол болот. Азирети Мухаммад Пайгамарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өз хадисинде: «Эң пайдалуу сабыр – кыйынчылыктын эң оор кезинде көрсөтүлгөн сабыр» — деп айткан (Куртуби, Ал-жами лиахкамил Куран, II, 174).

Имам Ахмаддын жана Анас бин Маликтин (Алла ага ыраазы болсун) риваятына караганда, Алланын Элчиси Мухаммад пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Чындыгында Алла Таала кайсы жерге оору жиберген болсо, анын дабаасын да кошо жараткан. Андыктан дарылангыла» — деп айткан.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтарында айтылгандай, күн сайын жүздөгөн инсандардын бул дарттан айыгып жатышы, бизди канчалык чочулатса да, COVID-19  дартынын дабаасы бар экендигин билдирет.

Акыйкатта бул дарт адамзаттын тагдырына жазылган чоң сыноо. Жараткандын жазмышынан качып кутулуу мүмкүн эмес. Ошентсе да, оор кырдаалда дарыгерлердин сунушун так аткаруу, башкача айтканда, тазалыкка көңүл буруу, маска тагынуу, аралыкты сактоо, мүмкүн болсо үйдө болуу кажет.

Өз өмүрлөрүн тобокелге салып, күн-түн дебестен элдин саламаттыгы үчүн күрөшүп жаткан ак халатчан медиктерге Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин жана өзүмдүн атымдан ыраазычылыгымды билдиремин. Дарыгерлерибизге Кудай күч-кубат берсин, өмүрлөрүн берекелүү кылсын, ооруга кабылгандарга шыпаа берсин. Оорудан кайтыш болгондордун ыйманы саламат болсун, бейишинен берсин деп тилейбиз.

Түрдүү оор апааттар адамзаттын башына келип кеткени сыңары, коронавирустун да кетер күнү, тирүүлүктү канимет сезген пендезаттын жай турмушка жана келечекке күлө багар күнү алыс эместир. Кудай Таалам ошол күндөргө тез жеткирсин. Ооруп жаткан ар бир инсанга бекем ден-соолук, узак өмүр, ыйман, тооба насип кылсын.

Биз мусулмандар ар бир кыйынчылыктын артында жакшылык бар экендигине, тагдырдагы жакшылык жана жамандыктын Алла Тааланын амири менен болоруна ишенебиз. Ишенимибизге жараша акыретте сыйлык табарыбыз да акыйкат. Болуп жаткан окуяларга карата позитив көз карашты жана принциптик умтулууну негиз туткан Ислам ишеними мусулман пенденин психологиялык жүгүн жеңилдетет.

Кудай буюрса, бул сыноодон ынтымак, сабырдуулук, кайрымдуулук жана сактык менен өтөбүз! Оорубаңыздар кадырлуу мекендештерим!

Кыргызстан мусулмандарынын
Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев