Жумгалда маркумду жерге берүүдө сактык чаралар сакталууда

Нарын облусунун Жумгал районунда каза болгон жарандардын сөөгү сактык чараларын сактоо менен коюлуп жатат. Бул тууралуу Жумгал районунун баш имам хатиби Рустам Сейталиев билдирди.

Анын айтымында, учурдагы кырдаалга байланыштуу Жумгал районунун аймагында Саламаттык сактоо министрлиги көрсөткөн сактык чараларын сактоо менен каза болгон маркумдардын сөөктөрү жерге берилүүдө.

«Кыргызстанда коронавирус илдети чыгып өлкө аймагына өзгөчө кырдаал киргизилген учурдан тартып Муфтияттын буйруктарынын алкагында бир топ иштер аткарылып сактык чаралары, жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Тилекке каршы бүгүнкү күндө коронавирус илдетинен, пневмониядан улам каза болгон жарандар Кыргызстандын аймагында көп катталып жатканына байланыштуу маркумдарды жерге берүүдө жагы сактык чараларын көзөмөлгө алып жатабыз. Кечээ эле Бишкек шаарынан 31 жаштагы Кенжебек уулу Улан ооруп каза болгон экен, анын сөөгү келээри менен эле эртеңкиге калтырбай түн ичинде жаназасын окуп жерге бердик»,- деди Рустам Сейталиев.