Ат-Башы районун борбордук мечитинин дааратканасы ишке берилди

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы борбордук мечиттин дааратканасы толугу менен бүткөрүлүп, ишке берилди. Бул тууралуу Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахиров маалымдады.

Маалым болгондой, Ат-Башы районунун борбордук мечиттинде жаңы даараткана мындан эки жыл мурун башталган эле. Даараткана жеке ишкерлердин, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен бир миллион сомдон ашык каражатка толук бүткөрүлгөн.

«Дааратакана каражаттан улам толугу менен бүткөрүлгөн эмес болчу. Ат-Башы айылындагы жеке ишкерлердин колдоосу жана мечитке келген жааматтын жардамы менен салынды. Курулуш иштерине жардам кылган ар бир айылдын тургундарына, демөөрчүлөргө жана жамаатка ыраазычылык билдиребиз»,- деди баш имам хатиб.