Алмазбек ажы Сагындыков: Үй бетин көрбөй күнү-түнү иштеп жаткан дарыгерлерге көмөк көрсөтөлү

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков пандемиядан улам кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатуху,

Урматтуу мекендештерим, урматтуу мусулман биртуугандарым. Ааламдардын Эгеси, Жаратуучусу, ырыскы берүүчү, мээримдүү, ырайымдуу Аллах Таалага баардык мактоолор айтып, бүткүл ааламдарга рахмат болуп келген Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) салам-салаваттарыбызды жолдоп, ар бир күнү жаңы таңды, жаңы күндү аман-эсен көрсөтүп жаткан Жаратуучуга шүгүрлөр айталы.

Албетте, учурдагы кырдаал Жараткан Аллах Тааланын бизге берген сыноосу, эскертүүсү. Биз, акылмандык менен сабыр кылалы туугандар. Сабыр кылуу кутулууга жана ийгиликке себеп боло турган жакшы мүнөз. Сабыр- пайгамбарлардын өзгөчөлүк сапаттарынын бири болгон. Ошондуктан: «Сабыр ачуу болсо да жемиши таттуу.”, «Сабыр – саламат”, «Сабырдын түбү сары алтын”, — ж.б.,сыяктуу даанышмандарыбыздын айткан накыл кептери бар. Аллах Таала сабыр кылуунун мааниси туурасында Курани Каримде мындай дейт;

«Сабыр кылгандарга эсепсиз жакшылыктар берилет.” [Зумар 10]

«Эй, ыйман кылгандар, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Аллаху Таала, албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот.” [Бакара 153]

«Аллах сабыр кылгандарды жакшы көрөт.” [Аль Имран 146] ж.б.

Урматтуу биртуугандар, ынтымакта, биримдикте болуп, сабырдуулук менен Жараткандан жакшылык үмүт кылалы. Анткени, оору себебинен адамдардын даражалары көтөрүлөт, күнөөлөрү кечирилет. Абу Умамадан (р.з) риваят: Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты” “Бейиште өзгөчө болгон бир даража бар. Анда өтө жакшы жетимиш өрөөн бар. Ар бир өрөөндүн ортосунда коюлган нерселер, бул дүйнө жана дүйнөдөгү баардык нерселерден абзел. Бейиштеги мындай даража кыйынчылыктарга кабылышкан мусулмандар үчүн даярдалган”.

Ошондуктан келиңиздер, урматтуу бир туугандар. Сабыр кылалы, ынтымакта, биримдикте бололу. Тазалыка көңүл буралы. Мечиттерибизди таза кармап, санитардык-сактык эрежелерин туура сактайлы. Чөйрөдө, коомчулукта тазалыка катуу көңүл буралы.

Күнү-түнү жанын сабап, үй бетин көрбөй аракеттенип каткан ак халатчан дарыгерлерибизге көмөк көрсөтөлү. Мындан сырткары дары-дармектеринен, тамак-ашынан жардам көрсөтүп жаткан мекендештерибизге, ошондой эле өз салымдарын кошуп жаткан ыктыярчыларыбызга терең ыраазычылык билдирели. Бар нерсеге шүгүр кылалы, ката-кемчиликтерибиз үчүн Аллах Тааладан сурап тооба кылалы биртуугандар. Учурдагы абал, кырдаал убактылуу. Бүгүн кандайдыр бир кыйынчылык болсо, эртен башка күн келет. Эртеңки келе турган күндүн жакшылыгынан эч үмүт үзбөйлү биртуугандар.