Ак-Талаада мечиттин имараты жарандарды кабыл кылуучу күндүзгү стационар катары берилди

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы борбордук мечиттин балдар окуй турган корпусу учурдагы кырдаалга байланыштуу ооруп жаткан жарандарды кабыл алуу үчүн күндүзгү стационар катары пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди.

Анын билдиргенине караганда, Ак-Талаа районунун администрациясынын акиминин орун басары Кенжегул Карагулова менен жолугушуу өткөрүлүп, анын жыйынтыгында Баетов айылындагы борбордук «Ак-Талаа» мечиттин медресеге деп салынган корпусун күндүзгү дарылануучу жайга колдонууга берилди.

«Жергиликтүү бийлик тарабынан сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Кудай буюрса эртеңден баштап мечиттин окуу окуу корпусу күндүзгү стационар катары иштеп баштайт. Бул жака бир дарыгер жана медайымдар бөлүнө турган болду. Күн сайын эртең мененки 9:00дөн кечки 18:00гө чейин келип дарыгерлерден кеп-кеңеш алып, копельница койдуруп , эмдөө алышса болот. Ошондой эле дарыкана ачуу дагы пландалууда»,- деди Акылбек Эсеналиев