Абдулазиз кары Закиров: Башыбызга келген оор сыноону сабырдуулук, чыдамкайлык менен жеңебиз

Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров учурдагы кырдаалга байланыштуу бүткүл кыргыз элине кайрылуу жолдоп, элди сабырдуулукка жана сактык чараларын так сактоого чакырды.

Аллага чексиз-чексиз шүгүрлөр, сүйүктүү пайгамбарыбызга салам жана салаваттар болсун! Баарыңыздардын өзүңүздөрдө жана үй-бүлөңүздөрдө Алланын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун!

Урматтуу мекендештер! Алла Таала Өзүнүн ыйык китебинде «Ээй ыйман келтиргендер Алланын ырайымынан үмүт үзбөгүлө….»—деген. Жана да биз жакшылык-жамандык Алладан деп ыйман келтиргенбиз. Демек көңүлүбүздү чөктүрбөй, башыбызды өйдө көтөрүп, Алланын рахматынан үмүт үзбөй алдыга умтулалы.

Башыбызга келген оор сыноону сабырдуулук, чыдамкайлык менен жана көрсөтүлгөн эреже-талаптарды так сактоо менен жеңебиз. Мамлекет, эл бул мен менен сиз. Ар бир жаран, ар бир атуул кайдыгер болбостон, өлкөбүздүн бул абалдан тез чыгып кетүүсүнө салым кошушубуз зарыл. Салым кошконубуз кандай?! Сиз каражат бере албашыңыз мүмкүн, обсерваторияга жай бере албашыңыз мүмкүн ж.б…Бирок эреже-талаптарды так сактоо ар бирибиздин колубуздан келет. Ошол биздин кошкон салымыбыз.

Кел бир тууганым элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн, келечек муундарыбыз үчүн кайдыгер болбойлу.

Баарыңыздарга чын ден соолук каалап, сиздерди терең урматтоо менен Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров.