Каракол шаарында эртеңден баштап жума намазы убактылуу токтотулат

Бүгүн, 9-июлда Каракол шаардык мэриясында жыйын болуп, дүйнөлүк пандемияга байланыштуу өлкөбүздөгү кырдаалды эске алуу менен Каракол шаары боюнча жума намазын убактылуу токтотуп туруу чечими кабыл алынды.  

Бүгүнкү отурумда обсервацияга жана күндүзгү стационарга орун даярдоо, ошондой эле медициналык кызматкерлеринин жетишсиздиги жана илдетти алдын алуу аракеттерин көрүү маселелери каралып, эл көп топтолгон жерлерди азайтуу жана ооруну мындан ары күчөтүүгө жол бербөө максатында ушундай чечимге келдик»,-деди штаб жетекчилиги.

Мындан тышкары алдыда талапка ылайык, зарылдык жаралса айрым тойканалар дагы обсервацияга берилмекчи.