Талас облусундагы Бакай – Ата медресеси обсервацияга берилди

Бүгүн, 9-июлда Талас облусуна караштуу Бакай – Ата районундагы жайгашкан Бакай — Ата медресеси Талас облус казысы Бапиев Таалай ажынын макулдугу менен азыркы кырдаалга жараша обсервацияга берүү чечимин кабыл алды.

Бул чечимге Бакай – Ата  районунун акими Чолпон Төрөкулов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү диний кызматкерлерге салым кошкон үчүн терең ыраазычылыгын билдиришип, эртерээк бул кырдаалдан чыгып кетүү боюнча ойлорун ортого салышты.

Обсервацияга берилип жаткан медресе 50 орунга ылайыкташкан.

“Азыркы кырдаал оор болуп жаткан кез. Баарыбыз ынтымак, биримдик, сабырдуулук менен жеңебиз. Колубуздан келген жардамды дагы берүүгө даярбыз”, – деди Бакай – Атанын баш имам хатиби Жороев Үсөн.