Убайдулла ажы Сарыбаев: Эрежелерди так сактоо менен өзүбүздүн жана өзгөлөрдүн ден соолугуна кам көрөлү

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев учурдагы кырдаалдан улам жалпы кыргыз элине кайрылуу жолдоп, элди дүрбөлөңгө алдырбай сактык чараларын так сактоого чакырды.

Урматтуу мусулман бир туугандар! Азыркы учурда жалпыбыздын башыбызга келген сыноолорду жеңүү үчүн айтылган эрежелерди так сактообуз керек.

Анткени мусулман адам башкаларга зыян жеткирбейт. Санитардык эрежелерди так сактоо менен өзүбүздүн жана өзгөлөрдүн денсоолугуна кам көргөн болобуз.

Биздин колубуздан бир ооруган адамды айыктырып жиберүү келбеши мүмкүн. Бирок миңдеген адамды ооруга кабылып калуусунун алдын алсак болот. Ал да болсо, эрежелерди так сактоо.

Биз эрежелерди сактоо менен мед кызматкерлеринин эмгегин баалаган болобуз. Алардын канчалаган аракеттери бир нече адамдын тартип бузуусу менен жокко чыгып калууда.

Урматтуу бир мусулман тууганым! Өзүбүздү гана ойлогон эгоист болбой, эл журттун камын гуманист адам болуп жашаганды үйрөнөлү. «Тилдин сөөгү жок. Бирок сөөктөрдү талкалайт» деп бекеринен айтылбаса керек.

Бир оорудан улам, өзүңүздөрдү дүрбөлөңгө алдырып эл журтту кошо кайгыга батыруунун кажети жок. Оор абалга түшсөңүз жүрөгүңүздү зикир келтирүү менен тынчтандырсаңыз болот. Анткени руханий байлык ооруга каршы денени күчтөнтөт. Ал эми кайгыруу же кыжаалат болуп, башкаларды да кыжаалат болуусуна себеп болуу денени алсыздатып жиберет.

Кудай буюрса, сабырдуу болуу менен бул ооруну да жеңебиз. Эрежелерди да так сактоо керектигин унутпаңыз.

Сиздерге бекем ден-соолук тилеп, Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев.