Ысык-Көлдө элибизге шыпаа тилеп, түлөө өткөрүлдү

Бүгүн, 10-июль жума күнү Ысык-Көл облустук мусулмандар казыяты  элибиздин амандыгын, ар кандай илдет-дарттан, кырсыктан алыс болушун Жараткандан тилеп, дуба кылып, курмандык чалды.

Мындай түлөө КМДБнын демилгеси кайрымдуу инсандын демөөрчүлүгү менен союлуп, аксакалдар дуба кылышты.

Бул ата-бабаларыбыздан келе жаткан салт. Эн негизгиси динибизде ар кандай балээ-кырсыктардан сактоочу бул садака. Биздин максатыбыз Жараткандан элибиздин-жерибиздин амандыгын, тынчтыгын сурап, дуба кылуу. Садака тоодой балээден сактайт демекчи, элибизде тынчтык, ар дайым бакубат жашоо болсун.”- дейт облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков.

Курмандыка союлган эт, жардамга муктаж, жетим-жесирлерге, аз камсыз үй-бүлөлөргө таратылып берилди.