Быйыл ажылык сапар токтогондугуна байланыштуу ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабы чечим кабыл алды

2020-жылдагы ажылык сапары дүйнөлүк пандемияга байланыштуу токтотулгандыктан, 2019-2020-жылдары Ажылык сапары үчүн төлөмдөрдү төлөп, катталып, Ажылыкка барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлер жана Ажылыкка барууга мүмкүнчүлүк албай, кезек күтүп турган талапкерлер өз каалосу менен же жүйөлүү себептерден (оору ж.б.) төлөмдөрүн  кайтарып алган жарандар Ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын чечиминин негизинде Ажылыктын бирдиктүү электрондук тизмесинен чыгарылат.

Бүгүнкү күндө Коронавирус (Covid-19) оорусу менен дүйнөнүн миллиондогон адамдары жабыркагандыгына байланыштуу Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык жана Умра министрлиги кооптуулукту алдын алуу максатында, 2020-жылы боло турган Ажылык сапары бир гана Сауд Арабияда жашаган ар кандай улуттардын каалоочуларына гана өткөрүлөөрүн жана Ажылык сапарына сырттан келүүчүлөргө пандемияга байланыштуу быйылкы Ажылык сапары болбой тургандыгын маалымдашкан.