Садака – балээни кайтарат! Чүй казыятында бодо мал союлуп, эти муктаждарга таратылды

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в) өз осуяттарында: «Садака – балээни кайтарат», «Садака – өмүрдү узартат», «Ооруп жаткандарды садака менен дарылагыла» деп бизге насаат калтырган. Мына ушул куттуу хадистерге амал кылып, элибиздин башына түшкөн оорудан арылуу ниетте, Чүй казыятынын «Хадижа» борбордук мечитинде бодо мал союлуп, эти муктаждарга таратылды.

Бул иш-чара Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максат ажы Токтомушев жана Чүй казысы Руслан ажы Жумагуловдун демилгелери менен ишке ашып, ыймандуу мекендешибиздин демөөрчүлүгү менен ишке ашты.

Руслан ажы Жумагулов өз сөзүндө жалпы элди ынтымак-биримдикке чакырып, сүннөт жана парз амалдарга бекем болууга үндөп, ушул сымал иш-чара Кыргызстан боюнча бардык казыяттарда өтөөрүн баса белгиледи:

«Аллахым тагдырыбызга ушундай күндөрдү жазган экен, бир эле Кыргызстан эмес, бүтүндөй дүйнөгө бул оору жайылып, Кудай Тааланын сыноосунан өтүп жатабыз. Мындай ооруларды жеңүү үчүн эң негизгиси элибизде биримдик, ынтымак керек. Бардык санитардык талаптарды бекем аткаруу менен, сүннөт жана парз амалдарга бекем бололу. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максат ажы Токтомушевтин демилгеси менен, кан чыгарып, этин муктаждарга таратып бердик. Садака менен балээни жеңебиз деп, ушул сымал иш-чара мамлекетибиздеги бардык казыяттарда өтмөкчү. Жараткан элибизге саламаттык берип, ушул сыноону жеңип чыгып, мындан ары мындай көрүнүштөрдөн сактаган болсун»,-деди Руслан ажы.