Чүй облусундагы диний окуу жайлардан 340 орун обсервация жана күндүзгү стационар катары пайдаланууга даярдалды


Учурда өтө оор күндөр башыбыздан өтүп жатат. Тагдырыбызга ушундай күндөр жазылган экен. Бул да болсо Жараткандын сыноосу.

Аллах өлүм менен жашоону сыноо үчүн жаратканын эсибизден чыгарбашыбыз керек. Жараткан Зат ооруп жаткандарга шыпаасын берип, өткөндөрдү Өз мээримине алсын.

Урматтуу мекендештер! Мекенибизди көздүн карегиндей кылып сактап, колубуздан келген жардамды көрсөтүү ар бирибиздин милдетибиз. Биз Чүй казыяты өз тараптан, облустагы диний окуу жайлардын устаздары менен кеңешип, азыркы учурга 8 окуу жайдан 340 орун обсервация жана күндүзгү стационар катары пайдаланууга даярдадык.

Кудайым андан алыс кылсын! Бирок, муктаждык жаралса, диний окуу жайлар жана мечиттерден да орун бөлүп бергенге даярбыз. Облус боюнча 29 медресе, 3 Ислам институт жана 400гө жакын мечиттер бар.

Азыркы тапта төмөнкү окуу жайларда орун даяр:

1) Аламүдүн району, Койташ айыл өкмөтү, «Аль-Фарук» медресеси, 30 орун
2) Ысык-Ата району, Жээк а/ө, «Зулкарнайн» медресеси, дарыгерлеге 10 орун берилди
3) Сокулук району, Жаңы-Жер а/ө, «Равза» медресеси, 50 орун
4) Сокулук району, Камышановка а/ө, «Имам Аъзам» медресеси, 30 орун
5) Кара-Балта шаары «Хазирети Осмон» Ислам институту, 50 орун
6) Ысык-Ата району, Бирдик а/ө, «Абу Ханифа» медресеси, 30 орун
7) Кара-балта шаары, «Куран нуру» Ислам институту, 90 орун
8) Сокулук району, Жал айылы, «Заман шамы» медресеси, 50 орун
.

Учурдан пайдаланып ак халатчан баатырларга, оор абалда жардам колун сунган жалпы мекендештерге жана ыктыярчыларга чын дилимден ыраазычылык билдирем. Кудай Таалам кылган кызматыңыздарды кабыл кылып, эч нерседен кем кылбасын!

Кадырлуу мекендештерим! Санитардык эрежелерди бекем сактайлы! Колубуздан келишинче бири-бирибизге жардам берип, ата-бабаларыбыздан бери уланып келе жаткан чыныгы асыл-сыпаттарыбызды көрсөтөлү. Жалпы журтка дуба кылып, КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан айтылган эрежелерди так сактайлы.

Кудай Таалам элибизге, мекенибизге саламаттык берсин!
Терең урматтоом менен, Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов.