Пазыл ажы Султанмуратов: Маалымат вирусу биологиялык вирустан да коркунучтуу

Баткен облусунун казысы учурдагы кырдаалдан улам эл арасында абалды курчутуп, жалган жалаа тараткандарга кайрылып, элди бул илдеттен эртерээк сакайып кетишин, Жараткан Алла Тааладан тилеп дуба кылды.

Учурда дүйнө эли башынан чоң сыноону өткөрүп жатат. Мусулмандардын башына келген дарт же кырсык аркылуу Жараткан Алла Таалам алардын күнөөсүн кечирип, даражасын көтөрөт. Андыктан мындай учурда мусулмандар сабырдуулук менен Аллахка тообо кылып, таат-ибаадаттарды көбөйтүүсү зарыл. Абалдан пайдаланып эл ичинде өз көмөчүнө күл тарта калгандар да кездешет. Ошондойлордун арам оюна, ушак-айың сөздөрүнө  ишенбей, Жараткандан жакшылык тилеп отуруу биздин милдет.

Жугуштуу илдет тууралуу ар кандай такталбаган маалыматтарды таратылган маалымат вирус биологиялык вирустан да коркунучтуу. Анткени элди дүрбөлөңгө түшүрүп, уккан көргөңүн  ылгабай башкаларга таратуу көп көйгөйлөрдү, тынчсызданып жаткан бейтаптардын саламаттыгына олуттуу зыян алып келиши мүмкүн.

Андыктан такталбаган маалыматтарды угуп, таратуудан сак бололуу! Жаратканга ибаадат кылып, ага жалбарып, эли жерибиздин бүтүндүгүн, амандыгын тилеп баарыңыздарды дуба кылууга чакырам.

Жараткан өз мээрими менен бул илдеттен дүйнө элин аарылтып, жакшылыктарын насип этсин. Өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп өнүгүү болсун. Бири-бирибизге жылуу сөзүбүздү арнап, кайрымдуу, боорукер болууга чакырам!