Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев «Лукман аль-Хаким» Ислам институтунун ректору Лугмар ажы Гуахуновдун көз жумгандыгына байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Чүй облусунун Токмок шаарындагы «Лукман аль-Хаким» Ислам институтунун ректору  Гуахунов Лугмар Таировичтин көз жумгандыгына байланыштуу көңүл айтты.

«Лугмар ажы Гуахунов Ислам динине өтө чоң салым кошкон илимдүү аалымдардан эле. Лугмар ажыны Орто Азия эле эмес, Бухарадагы медресени бүткөн дүйнөнүн чар тарабындгы бардык аалымдар билимине баасын берип келишкен»,-дейт Азирети Муфтий.

 Лугмар ажы Гуахуновдун бул ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына чын көңүлүмдөн көңүл айтамын. Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) . “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).  Сабыр кылыңыздар! Кайгыңарды тең бөлүшөбүз. Маркум Лугмар ажыны Жараткан  Алла Таала Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Алла Тааладан  тилеймин.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийи  Максатбек ажы Токтомушев

  • Гуахунов Лугмар Таирович 1957-жылдын 20-июлунда Чүй облусунун Токмок шаарында төрөлгөн.
  • 1974-жылы Токмок шаарындагы №5 орто мектепти аяктаган.
  • 1975-1980-жылдары Бухара шаарындагы «Мир-Араб» медресесинин «Шариат жана Жалпы Мыйзам» бөлүмүн аяктаган.
  • 1981-1984-жылдары Ташкенттеги «Имам Аль-Бухарий» Ислам Институтунун  теология жана араб тили факультетин аяктаган.
  • 1996-1998-жылдары Кыргыз Улуттук Университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
  • 1984-1996 –жылдары Токмак шаарындагы мечитте  имам-хатиб. 
  • 1987-1992-жылдары  Орто Азия Мусулмандарынын Руханий Башкармасынын Ревизиялык комиссиясынын мүчөсү.
  • 1993-жылы Токмок шаарындагы  Ислам институтунун ректору.
  • 1994-1999-жылдары аксакалдар сотунун төрагасы
  • 1995-1996 — жылдары Чүй облусунун казысынын орун басары
  • 1996-жылдын декабрь айындагы Кыргызстан Мусулмандарынын 1-Курултайында Кыргызстан мусулмандарын Азирети Муфтийинин орун басары болуп шайланган.
  • 1997-2002-жылдары Азирети Муфтийдин орун басары .
  • 2002-2006-жылдары Азирети Муфтийдин биринчи орун басары.
  • 2002-2011-жылдары КРСУнун   «Дүйнөлүк маданияттар жана диндер» кафедрасында  окутуучу.
  • 2012-2013-жылдары Азирети Муфтийдин орун басары.
  • 2015-жылга чейин КМДБнын ажылык бөлүмүндө адис .

Гуахунов Лугмар Таировичтин Ислам дининин баалуулуктары боюнча 50дөн ашык макаласы жарык көргөн. 

Кыргыз, орус, араб, өзбек, дунган тилдеринде эркин сүйөп, дин жаатында бир катар эмгектерди жараткан.

Лугмар ажы Гуахуновдун артында  жубайы, 2 уул, 3 кызы жана 15 небереси калды.