Сокулук районунун Жал айылындагы «Заман шамы» медресеси обсервацияга берилет

Чүй облусунун Сокулук районунун Жал айылындагы «Заман шамы» медресеси учурдагы кырдаалды эски алуу менен элдин саламаттыгына кам көрүү үчүн обсервацияга берилет.

Медресеге 50 бейтапка ылайыкталган бардык шарт менен камсыздалан.

«Жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, медресени убактылуу обсервация катары берүүгө макулдугубузду бердик. Жараткан Алла Таалам бул илдеттен эртерээк чыгарып, калкыбыз бул оорудан алыс болушун тилеп дуба кылабыз»,-дешет медресе жетекчилиги.