Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев түлөөдө кайрымдуулук иштерин көбүрөөк жасоого чакырды

Бүгүн, 10-июль күнү Ош шаардык мусулмандар казыяты Борбордук «Имам аль-Бухарий-Алай» мечитинде кайрымдуу инсандын жардамы менен түлөө өткөрүп, этин элге таратты.

«Азыркы учурда кайрымдуулук иштерди көбүрөөк жасашыбыз керек. «Ата-журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга» деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Мына ушундай оор абалда кайрымдуулук кылган ынсандарыбыздан Аллах ыраазы болсун. Айта кетсек, Кыргызстан боюнча жалпы казыяттар түлөө өткөрүп жатат. Бул иштин негизги максаты садака кылуу менен башыбызга келүүчү балээлердин алдын алуу болуп саналат. Анткени садака боюнча келген хадистерде «Садака — балээни кайтарат» деп айтылынат. Биз бул ооруну эрежелерди сактоо менен биримдикте болсок жеңебиз»,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Түлөөдө бир бодо мал союлуп, анын эти жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди.