Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев: Чөкпөйлү, сабыр кылалы, кайрат кылалы, бири-бизге жардам берели

Ассалааму алайкум ва рохматуллохи ва баракатух!

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу мусулман агайындар, аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштар!

Учурда бүткүл дүйнө жүзү, анын ичинде Кыргыз эли таажы ылааңы пандемиясы менен күрөшүп жаткан кези.  Мындай учурда эң биринчи сабыр, андан соң Жараткандан үмүт кылуубуз кажет. Аллах Таалага сабыр кылып, ооруну Кудайдан болду деп ишенип, жакшылыктан үмүтүбүздү үзбөйлү. Себеби Жараткан Аллах өзүнүн улуу Куран  китебинде: «Албетте бир кыйнчылыктын артынан жеңилдик берилген» деп айткан. Мындай  кыйынчылыктарга сабыр кылсак, артынан жеңилдик берилет. Ошону менен бирге бүгүнкү күндө болуп жаткан илдет, ылаң жана кыйынчылыктар тарыхта биринчи жолу болуп жаткан жок. Тарых беттерин карап көрсөңүз ушундай ылаң тарап, көптөгөн адам өмүрүн алган.

Мындан сырткары адам өмүрүн алган канчалаган согуштар болду. Анда адам баласы эмне деген сыноолорду башынан өткөргөн жок. Биздин ата-бабаларыбыз ошол оор күндөрдү сабырдуулук, биримдик жана ынтымакчылык менен жеңип келген.

Учурда биз дагы ушундай оор күндөрдө колубуздан келген жардамды аябастан элибизге медресебизди обсервация катары даярдап, бейтаптарга пайдалануу үчүн берүүгө даярбыз. Биз элибизге ар тараптан колдоого даярбыз. Мындай кырдаалда эң негизгиси чөкпөйлү, сабыр кылалы, кайрат кылалы, бири-бизге жардам берели. Ошону менен бирге сен жаман мен жакшы дебестен, баарыбыз бири-бирибизге жардам берип, кемчилдик кеткен болсо кечирип, бири-бизди кубаттап, колдой турган учурда турабыз.

Эгер ушундай учурда ынтымак, биримдигибизди көрсөтүп, дагы алдыга умтула турган болсок, мындай ооруларды сабыр менен, биримдик менен, тынчтык менен, ынтыкмак менен, бири-бизди кечирип, Алладан жакшылыкты үмүт кылган абалда жеңип чыгабыз. Кудай Таалам элибизди бачым бул илдеттен чыгарып, асманыбыз ачык, элибиздин саламаттыгы бекем болсун!

Сиздерди терээң урматтоо менен Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев