Муфтият элибиздин амандыгын, мамлекетибиздин тынчтыгын, ооруп жаткандардын сакайып кетүүсү үчүн курмандык чалып, түлөө өткөрдү

Бүгүн, 10-июлда Бишкектеги Имам Сарахси атындагы башкы мечитте Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан COVID-19 инфекциясы күч алгандыгына жана андан каза болгон бейтаптардын арбагына багышталып Куран окулуп, түлөө өткөрдү. 

Элибиздин ар кандай апаат кырсыктан, пандемиядан оолак сактоо максатында өткөрүлгөн түлөөгө Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев жана жергиликтүү жамаат катышты.

Азирети Муфтий өз сөзүндө ата-бабаларыбыз бөөдө кырсыктан, ар кандай балээ-апааттардан, ооруга шыпаа берсин деп кан чыгарып, түлөө өткөргөнүн баса белгилеп, элибиздин амандыгын, биримдигин, мамлекетибиздин тынчтыгын, ооруп жаткандардын сакайып кетүүсүн Жараткан Алла Тааладан тилеп дуба кылды. 

Жараткан Алла Таалам башыбызга келген оор сыноодон жеңил өткөрсүн. Оорудан каза болгон мусулман бир туугандарыбызга бейиштен төр насип этсин. Илдеттен жабыр тартып жаткан мусулман бир туугандарга эртерээк шыпаа берип, дарыгерлерибизге күч кубат, элибизге аманчылык берсин. Алла Таалам жакшы күндөрдү тартуулап, элибизди оору сыркоодон алыс кылсын. Элибизге биримдик берип, жергебизде тынчтык, өсүп-өнүгүү болсун. Жетекчилерге, башчыларыбызга адилеттүүлүк, күч кубат берсин. Ушул курмандык чалуубузду, түлөөбүздү Алла Таалам кабыл кылсын”,-деди Азирети Муфтий.

Түлөөгө 1 бодо мал союлду. Анын эти жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жеринде таратылды. Мындай түлөө Муфтияттын түзүмүндөгү облустук бардык казыяттарда өткөрүлүүдө.