Нарын казыяты мезгилсиз дүйнөдөн кайткан Бишкектин казысы Садридин Маджитовго көңүл айтат

Нарын облусунун мусулмандар казыятынын казысы Мамбетасан Ибраев Бишкек шаарынын казысы Садридин Маджитовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

«Нарын облусунун мусулмандар казыятынын жалпы жамаатынан жана өзүмдүн атымдан өлкөбүздө дин тармагында өз өмүрүн арнап, бир топ аалымдарга өзүнүн өрнөктүү билимин берип, Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп үзүрлүү эмгектенип келген Садридин ажы Маджитовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Садридин Маджитов Бишкек шаарынын мусулмандар казысы кызматын аркалап, өз ишине жоопкерчиликтүү, илимге бай, адамдык сапаты бийик мыкты инсан эле. Ал өз өмүрүндө бир катар шакирттерди даярдап, Ислам дининин асыл баалуулуктарын элибизге жеткирүүдө абдан чоң салым кошкон инсандардын бири. Жараткан Аллах бейиштин төрүнөн орун берсин, Садридин ажынын үй-бүлөсүнө жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам»,- деди Мамбетасан Ибраев

Садридин ажы Маджитов 1972-жылы 22-июнда Тажикстан Республикасынын Яван районунун Кыргызабад айылында төрөлгөн.