Абибилла ажы Кадырбердиев: Билбегенге катардагы бирөө өтсө, билгендерге ааламдан аалым көчтү

«Биз Алла Тааладан келдик жана Ага кайтабыз» (Бакара сүрөсү 156-аят).

Жаштайынан илимге жана адепке сугарылып, Исламдын баалуулуктарын элге жеткирүүдө өмүрүн арнаган Садридин ажынын дүйнөдөн кайткандыгы баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып, терең кайгыга салды. Аккан арыктан суу агат демекчи, Садридин ажы айтылуу аалым жана өлкөбүздүн туңгуч муфтийлеринен Абдусаттар дамулланын бир тууган агасынын небереси болчу. Ошондой эле ата-бабаларында белгилүү аалымдар жана эшендер болгон дешет аксакал санжырачы молдолор. Бабаларынын бата тилеги менен, алар баштап кеткен көчтү улап, дин илимин терең сиңирген устаз эле.

Казы болуп турган учурунда да жаш талабаларды окутуп, мударрстик кесипти кошо аркалаган.
Маркум казы дамылла салабаттуу, адамгерчиликтүү, кеби нускалуу жана таасирдүү эле. Адамдар суктанарлык адеп-ахлактын ээси эле. Динибиздин асыл баалуулуктарын өзү жашаган ыкласман, такыбаа момун болгондуктан, жума баяндарын мусулман бир туугандарыбыз мемиреп отуруп угушар эле.

Диний ишмер катары мамлекеттик мекемелер, муфтият жана Аалымдар Кеңеши менен тыгыз кызматташып, өз ишинин дасыккан адиси болгон десем жаңылышпаймын.

Башыбыздагы апаат ылаң Садридин ажы сыяктуу эл үчүн, мекен үчүн өмүрүн арнаган көптөгөн инсандарды, динибиздин чырактары болгон аалым молдолорубузду арабыздан алып кетүүдө. Кайтыш болгон инсандарды Алла Таала өз ырайымына алып, жалпыбыздын дуба-тилектерибизди кабыл кылып, дүйнөнү бул илдеттен тез арада куткарсын.

Садридин ажынын ыйманы саламат болсун, Жараткан Алла Таала күнөөлөрүн кечирип, бейишинен жай насип кылсын. Маркум аалым агабыздын бийик адамгерчилик сапаттары биз үчүн үлгү болуп, жаркын элеси дайыма эсибизде сакталат. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин жана өзүмдүн атымдан үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, чын ыкластан көңүл айтабыз. Жараткан Алла Таалам сабырдуулар менен бирге.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев