Руслан ажы Жумагулов: Садридин ажы Маджитов оор басырыктуу, даанышман инсан эле

Чындыгында бардыгыбыз Аллахка таандыкбыз жана Ага гана кайтып барабыз. Борбор калаанын казысы, атагы чыккан илимдүүлөрдүн устазы, өмүрүн илимге арнаган, чыныгы акыреттик дос Садридин ажы Маджитовтун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу Чүй облусунун мусулмандар казыятынын жалпы жааматынын жана жеке өзүмдүн атымдан ажыкемдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына кайгыруу менен көңүл айтам.

«Садридин ажы Маджитов өлкөбүздөгү аалымдардын арасынан оор басырыктуу, даанышман, чыныгы момундук сапаттарга ээ инсан эле. Өмүрүн илимге арнап, казылык кызматы менен бирге, жаш шакирттерди чыгарып, кыяматка чейин уланып турган садака-жарыя таштап кетти. Суктана турган, өтө бактылуу инсан экен. Дүйнө машакаттарынан кутулуп, өз Роббисинин алдына сапар тартты»

Бул кайгы Садридин ажынын үй-бүлөсүнүкү, же болбосо жакындарыныкы гана эмес. Балким, бардык мусулмандардыкы десек жаңылышпайм. Анткени, мусулмандар бир дене сымал. Эгерде көзүң ооруса, же башың ооруса бүткүл дене сыздайт. Дал ошондой эле бир мусулмандын кайгысы бардык мусулмандардын кайгысы болуп эсептелет.

Жараткан Садридин ажыны Өз мээримине бөлөп, кылган кызматын эч бир кемчиликсиз кабыл кылып, бейиш бакчаларынан орун берген болсун. Артында калган жакындарына сабырдуулук, бекем ыйман, мол ырыскы жана саламат жашоо насип этсин.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов.