Ош шаардык мусулмандар казыяты Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Садридин ажы Маджитовдун ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын

Баарыбыз Аллага таандыкпыз жана ага кайтып барабыз ( Инна лиллахи ва Инна илайхи рожиун)

Ош шаардык мусулмандар казыятынын жалпы жамаатынын жана өзүмдүн атымдан илимге бай, мыкты инсан, көптөгөн шакирттерди чыгарган Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Садридин ажы Маджитовдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, шакирттерине жана жакын санаалаш мусулмандарга кайгыруу менен көңүл айтам. Маркум Садридин ажы Маджитовдун чыныгы момундук сыпаты бар, мүнөзү жумшак,  өз ишине жоопкерчиликтүү, дин тармагына өз өмүрүн арнаган, дин аманатын бекем сактаган киши катары жүрөгүбүздө калды.

Жараткан Аллах акыретин нурлуу кылып, бейишинен орун берсин. Артында калган балдарына кайрат, сабыр берсин.

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев