Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев: Садирдин ажы Ислам дүйнөсүнө чоң салым кошту

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев жана жалпы казыят кызматкерлери мезгилсиз дүйнөдөн өткөн Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитовдун жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

«Инна лиллаахи ва инна илайхи рожиуун. Чындыгында биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз. Жалпы Ош облустук мусулмандар казыятынын жана жеке өзүмдүн атымдан Бишкек шаардык казыятына, Садридин ажы Маджитовдун үй-бүлөсүнө, Бишкек шаарынын тургундарына жана жалпы кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бул биз үчүн эң оор жоготуулардын бири. «Аалым өлсө, аалам өлөт» сөзү чын  тура. Садридин Маджитов дамла Ислам дүйнөсүнө анын ичинде кыргыз элине диний жаатта өзүнүн чоң салымын кошуп келген. Бишкек шаарында казы болуп эмгегин баштай электе эле мекени үчүн жаш жеткинчээктерди окутуп, байма-бай баяндамаларды жасап, жакшылыкка чакырып жамандыкты эскертип, Ислам дининин асыл баалуулуктарын элибизге жеткирип турчу. Биздин учурдагы казыят кызматкерлеринин айрымдары дал ушул Садридин  узтаздын илминен пайдаланып, татыктуу иш алып барууда. Жараткан  Аллах Садридин ажы Маджитов агабыздын акыретин бейиш кылсын. Калгандарына сабыр берип, арты кайырлуу болсун», -деди Самидин кары Атабаев.

Садридин ажы Маджитов 1972-жылы 22-июнда Тажикстан Республикасынын Яван районуна караштуу Кыргызабад  айылында төрөлгөн.