Талас облусунда учурдагы кырдаалга байланыштуу түлөө өткөрүлдү

Бүгүн, 11-июлда Талас областтык мусулмандар казыятынын имаратында Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана ыймандуу демөөрчү тарабынан COVID-19 инфекциясы күч алгандыгына байланыштуу жана илдеттен каза болгон бейтаптарга багышталып, Куран окулуп, түлөө өткөрүлдү.

Түлөөгө Талас облусунун казысы Бапиев Таалай ажы, орун басарлары Сагынбаев Медер ажы, Сыдыков Касым ажы жана райондун баш имам хатибтери катышты.

“Миң балээге бир садака” дегендей кылынган курбандыкты Аллах кабыл кылсын. Ушул түлөө себебинен таажы илдетинен жана ар кандай бале-апааттардан тездик менен кутулууга Кудай Таалам жардам берсин. Элибиз оору сыркоодон алыс болуп, мекенибизде тынчтык болсун”, — деди облус казысы Бапиев Таалай ажы.

Түлөөдө бир бодо мал союлуп, анын эти жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди.