Дүйнөлүк деңгээлдеги чыгаан аалым, Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалиловдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Аалымдар Кеңеши көңүл айтты

Төмөндө көңүл айтуу катынын толук тексти берилет:
«Акыйкатта биз Аллага таандыкпыз жана албетте Ага кайтуучубуз» (Бакара сүрөсү, 156-аят).

«Орто Азиянын илимдеги, Исламдагы чолпон жылдызы, жакшылыктын жарчысы, белгилүү аалым Чубак ажы Жалиловдун кайтыш болгондугу баарыбыздын жүрөгүбүздү канатып, ансайын кайгыга салып кетти. Ажыкебиздин арабыздан кетүүсү өлкөбүз үчүн гана эмес, бүткүл Борбор Азия аймагы үчүн жана бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасы үчүн да чоң жоготуу.

Чубак ажынын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана аны сүйүп-урматтаган жалпы мусулмандарга Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтамын. Устаттын ыйманы саламат болсун, Жараткан Алла Таала ырайымына алып, бейиштеги даражасын бийик кылсын! Сабырдуу болуп, аалымыбызга дуба кылалы!

Апаат илдет бүт дүйнөнү каптап, арабыздан жакшылар, асылдар кеткен сайын каңыгырыбыз түтөп, айтарга сөз таппай калдык. Кайгылуу кабарлар жалпы журттун жүрөгүн тилип, жүлүнүн сыздатып турат.

Чубак ажы Саудия өлкөсүнөн диний жогорку билимди алып келгенден кийин Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва бөлүмүндө иштеп, андан кийин Кыргызстандын Азирети муфтийи болуп эмгектенген. Кыргызстан Ислам университетинде окутуучу жана Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болгон.

Өмүрүнүн акырына чейин мекени үчүн ат көтөргүс кызмат кылып, жүздөгөн шакирттерди тарбиялап чыгарган жана китептерди жазган. Элибизге Чубак ажыдан таберик катары көөнөргүс эмгектери, жан дүйнөнү байыткан баяндары, ыйманга сугарган сабактары, баа жеткис китептери калды.

Эл сүйгөн асыл инсан, кадырлуу аалым Чубак ажынын жаркын элеси калкыбыздын жүрөгүндө сакталып, кылымдар бою дуба менен, урмат менен эскерилет.
Кудай Таалам адамзатты тез арада илдеттен арылтып, баарыбызга бекем сабыр берсин, кайгыбызды жеңилдетсин!»

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү:
Абибилла Кадырбердиев,
Кимсанбай Абдырахманов,
Мамасабыр Досболов,
Надыр Асомудинов,
Ашыр Садиллаев,
Абдиманап Масалиев,
Сайдамир Жейналиев,
Анасхан Ташхужаев,
Абдишүкүр Нарматов,
Саидбаккас Доолов,
Жакшылык Борочоров,
Кадыр Маликов,
Тажибай Тейитов,
Ниязали Арипов,
Марс Ибраев,
Жигитали Исмаилов,
Кабылбек Акматов,
Кенжетай Курманкожоев,
Абдималик Турсунбеков,
Бактыяр Токтогазиев,
Фархат Юсупов,
жооптуу катчы-Акылбек Халбеков.