Жалилов Чубак Тажибаевич –ӨМҮР БАЯНЫ

Чубак ажы Жалилов 1975-жылдын 21-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетин аяктаган. Орто мектепти алтын медаль, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. Сауд Аравия өлкөсүндөгү дүйнөгө таанымал «Умм аль-Куро» эл аралык университетинин алдындагы Араб тили институтун бүтүрүп, андан соң шарият факультетинен шарият жана усул боюнча бакалавр даражасына ээ болгон. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология факультетинен теология боюнча магистрдик даражасына ээ болуп, учурда Кыргызстан эл аралык университетинде илимин дагы да өркүндөтүп, докторлук диссертациясын жактоонун астында турган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:

1995-1998 ж.ж. — Кыргыз Улуттук университетинин Чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим;

2005-2007 ж.ж — Бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти;

2008-2010 ж.ж — Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргызстан Ислам университетинде мугалими;

2010-2012 ж.ж — Кыргызстандын Азирети Муфтийи;

2014-2020-жылдын июнь айына чейин эки чакырылышта Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү;

2018-жылы Бүткүл дүйнөлүк сүнний Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болуп тандалган.

Чубак ажы Жалиловдун артында  3 уул, 2 кызды калды.

Орус, араб тилдеринде эркин сүйлөп,  эл сүйүп окуган бир нече китептердин автору.