Бишкек жана Кыргызстан Орус Православ чиркөөсүнүн Епархиясынын епискобу Даниил: Чубак ажынын эмгеги элдин эсинен эч убакта кетпейт

Дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтанына байланаштуу Бишкек жана Кыргызстан Орус Православ чиркөөсүнүн Епархиясынын епискобу Даниил Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевге көңүл айтуу катын жөнөтүп, анда Чубак ажынын Ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтууда үзүрлүү эмгектенген баса белгиледи.

Дин аалымы Чубак ажы Жалилов Орто Азияда Ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтууда барандуу салымын кошту. Кыргызстанда Ислам дининдеги мусулман дүйнөсүнүн асыл сапаттарын, Алла Таалага болгон урмат сый жана ага болгон ишенимди, сүйүүдө кайталангыс эмгегин жумшады. Чубак ажынын бул эмгеги элдин эсинен эч убакта кетпейт. Ар бир мусулмандын жүрөгүндө бекем сакталып кала берет.

Бардык кыргызстандыктарга бул оор жоготууну терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жаратан өз мээримине алып, бейиштен төр насип этсин. Бардыгыбыз бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, көмөктөшүп бул илдеттен жеңип чыгууга Жаратканыбыз жардам берсин! Алла Таалам ар бир кыргызстандыктардын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук жана тынчтык жыроолосун!

Бишкек жана Кыргызстан Орус Православ чиркөөсүнүн Епархиясынын епискобу Даниил