Казакстандын Муфтийи Наурызбай ажы Таганулы: Чубак ажы менен Садридин ажы Ислам динин насаатчылары эле

Казакстандын Азирети Муфтийи Наурызбай ажы Таганулы дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жана Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитовдун дүйнө салгандыгына байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевге көңүл айтты.

Урматтуу Муфтий Максатбек ажы Токтомушев! Соңку бир күндө кыргыздын белгилүү дин кызматкерлери дүйнө салды. Кечээ Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов, Бүгүн Кыргызстандын мурдагы Муфтийи, белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов көз жумду.

Чубак ажы да, Садридин ажы да Ислам динин насаатчылары, дин билгичтери эле. Алардын акыл насааты көптөгөн мусулмандардын жашоосунан жол тандоосуна өбөлгө түздү. Көптөгөн шакирттерди тарбиялады. Кыргыз элин ыймандуулукка, жакшылыка чакырды. Алла Таала аалымдардын акыреттик жайын жаннаттуу кылсын!

Өзүмдүн жана Казакстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгылыгы бардык мусулмандардын атынан Сизге, боордош кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Алла Таалам дин жолундагы бир туугандарыбызга жар болсун. Амин!

Изги тилек айтып, Казакстандын Азирети Муфтийи Наурызбай ажы Таганулы