Ахмад Аль Шариф Аль Азхарий: Чубак ажы Улуу жолдо бекем жана Ахли Суннанын жолун коргоочулардан кылган болчу

Чындыгында биз Аллага таандыкпыз жана баарыбыз Ага кайтуучубуз.
Эң оболу өзүбүзгө, анан да жалпы ааламдагы аалымдарга, Алланын жолуна чакыруучуларга, илим талап кылуучуларга ошондой эле Ханафий ааламына анын ичинде өзгөчө Орто Азия жана КМШ өлкөлөрүнө Улуу Устат Ханафий Маатуридий Кыргызстан мусулмандарынын мурдагы Муфтийи Шейх Чубак ажынын бул дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтам.

Чындыгында Жараткан ал кишини Орто Азия жана КМШ өлкөлөрүндө Улуу жолдо бекем жана Ахли Суннанын жолун коргоочулардан кылган болчу. Берекелүү Ханафий жана Маатуридий ааламынын бешиги болгон ал чөлкөмдө Советтик доордо жоголуп бара жаткан ал элдин өз жолун таап кетүүгө чакырык таштап, илим таркатууда салым кошуп, бир топ диний медреселер, көгүлтүр экранда каналдарды ачып жана интернет желелеринде эл агартууга басым жасап, көптөгөн мусулмандардын жүрөгүнөн түнөк таап жолун таап бергенге жетишкен эле.

Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши менен биргеликте Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевге, ал кишинин окуучуларына, үй бүлөөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Аллахым Чубак ажыбызды күнөөсүн кечирип, Жогорку Фирдаус бейишинде Пайгамбарлар, Сыддыктар, Шейиттер жана Салихтер менен бирге кылсын. Алар кандай да сонун шериктер.

Ахмад Аль Шариф Аль Азхарий Пайгамбарбыз мухаммад Алейхис саламдын хижрасынын 1441 жылы Зил каада айынын 20 сы.