Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков Кыргызстандын мурунку Муфтийи Чубак ажы Жалиловдун ааламдан өткөнүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Бул дүйнөдө баарыбыз туруктуу эмес экенбиз….. Адам баласынын аң-сезими чектелүү болгон соң, бул татаал жашоодо адашып кетүү коркунучу бар себептен, мээрими чексиз Аллах Таала пенделерин бул дүйнөдө адашпай бактылуу жашоосун, акыретте түбөлүк бактылуулукка ээ болуусун каалап, жашоонуну кемчиликсиз толук эрежеси- динибиз Исламды, ал эрежелер жазылган Китеп-Куранды, аны түшүндүрүп берсин деп Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) жиберди. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) көрсөткөн жолду бизге жеткирүү үчүн илим ээлерин, илимдүүлөрдү, аалымдарыбызды берди. Буга далил Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) хадиси: Ааалымдар Пайгамбарлардын мураскорлору.

Бүгүн бизде чоң жоготуу. Анткени элибизге, жерибизге илим нурун таратып, акты ак деп, караны кара деп тааныткан чоң аалымдарыбыз Чубак ажы Жалиловду жана Садридин ажы Маджитовду түбөлүк сапарга узатып, орду толгус жоготууга учурап отурабыз. Бул баардыгыбыз үчүн чоң жоготуу, суук кабар.

Ысык-Көл облустук мусулмандар казыятынын атынан терең кайгыруу менен аалымдарыбыздын артында калган үй-бүлөсүнө, бала-бакыраларына, туугандарына, жалпы мекендештерге көңүл айтам. Сабырдуулук менен, акыбетин Аллах Тааладан үмүт кылып:

“Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156). деп айтабыз.

Ар бир жан өлүм даамын татуучу. Биз, Аллах Тааладан келдик жана ага кайра кайтарылабыз. Өз өмүрлөрүн динге арнап, дин аманатын бекем сактап, асмандагы жылдыздай жанып, нурун чачып келген аалымдарыбыздын жайларын жаннаттан кылып, өз ырайым-мээримине алсын  Жараткан Аллах Таала.

Терең кайгыруу менен жалпы мекендештерге көңүл айтып, Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков.