Жалал-Абадда элибиздин амандыгын тилеп, көзү өткөн аалымдарга багышталып Куран окулуп, түлөө өткөрүлдү

Бүгүн, 11-июлда Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятынын имаратында Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана ыймандуу демөөрчү тарабынан COVID-19 инфекциясы күч алгандыгына байланыштуу жана анда каза болгон бейтаптардын, дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун, Бишкек шаарынын казысы Садрдин ажы Маджитовдун арбактарына багышталып, Куран окулуп, түлөө өткөрүлдү.

Элибиздин амандыгын тилеп, ооруу-сыркоодон оолак сактоо максатында өткөрүлгөн түлөөгө Жалал-Абад областынын мусулмандар казысы Абдулазиз каары Закиров, казыят кызматкерлери жана медресе мугалимдери катышты.

Облус казысы өз сөзүндө ата-бабаларыбыздан кела жаткан салт ар кандай балээлерден жана бөөдө кырсыктан сактануу максатында кан чыгарып, түлөө өткөрүп келишкенин баса белгилеп, элибиздин амандыгын тилеп, оорууларга  Жараткан Аллах Тааладан шыпаа тилеп дуба кылды.

 “Жараткан Аллах үстүбүздөгү бул илдеттен желил кылсын. Бул илдеттен ооруп каза болгон мусулман бир туугандарыбызга Бейиштен жай берсин. Даарыгерлерибизге күч кубат берсин. Журтубузга аманчылык берсин. Элибизге биримдик берсин. Ушул чалынган курмандыгыбызды кабыл этсин” –деп дуба кылды облус казысы. 

Түлөөгө 1 бодо мал союлду. Анын эти жардамга муктаж жергиликтүү тургундарга таратылып берилди.