Дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жакын санаалаштары: Дарыгерлерге эч кандай дооматыбыз жок

Фото: sputnik.kg

Дин аалымы, мурунку Муфтий Чубак ажы Жалиловдун соцтармакта “Чубак ажы Жалиловду Бишкектеги Улуттук госпитал кабыл албай койгон» деген маалымат тарап кеткен. Бул маалымат боюнча Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы төмөнкүлөрдү билдирет.

Дин аалымы Чубак ажы Жалилов ооруп жаткан учурда анын жанында жакын санаалаштары Асан ажы Сыргабаев менен Замир Абытов болгон.  Асан ажынын айтуусунда, медицина кызматкерлери аалымдын өмүрүн сактап калууда болгон аракетин жумшаганын, тилекке каршы аалым эки тараптуу пневмонияга кабылып, өз ажылынан акка моюн сунган.

“Чубак ажы Жалиловду оор абалда түнкү саат 12:00ге жакын Бишкектеги Улуттук Госпиталдын Нейрохирургия бөлүмүнө алып келдик. Ал жерде бөлүмдүн кызматкерлери күтүп турушкан экен. Кошумча дем алдыруучу аппарат менен жардам беришип, дароо реанимация бөлүмүнө алып кирип кетишкен. Ал жерде дин аалымынын өмүрүн сактоодо тийишттүү медициналык чаралар көрүлдү. Бул жерде дарыгерлер тарабынан күттүрүү болгон эмес. Медицина кызматкерлерине эч кандай нааразычычылыгыбыз жана дооматыбыз жок. Атайын палата дагы даярдалыптыр. Дин аалымы ажылынан каза болгон соң дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес”,-деди Асан ажы Сыргабаев.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматта Чубак ажы Жалилов 10-июлда түнкү саат 12 чамасында ооруканага оор абалда келген. Ага эки тараптуу пневмониянын оор түрү, кант диабети деген диагноз коюлган. Дарыгерлердин бардык аракетине карабай бейтап 11-июлда түнү саат үчтөрдө көз жумган.