Ат-Башыда түлөө өткөрүлүп, анын эти дарыгерлерге, муктаждарга таратылып берилди

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында элдин аманчылыгы, оорудан улам каза болгон мекендештерге багышталып Куран окулуп, түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахиров билдирди.

Анын айтымында, 11-июль күнү демөөрчүлөр тарабынан бодо мал союулуп, кан чыгарып, ааламдан өткөн дин аалымы Чубак ажы Жалиловго жана Бишкек шаарынын казысы Садирдин ажы Маджитовго жана ошондой эле жалпы эле оорудан көз жумган маркумдарга багышталып Куран окутулду.

«Учурда күч алып жаткан коронавирус жана пневмония менен ооруп жаткан бир туугандарыбызга Алла Тааладан ооруларына шыпаа берсин деген тилекте түлөө өткөрдүк. Жараткан элибизге келген бул кыйынчылыктарды ынтымактуулук, сабырдуулук, бири-бирибизге жардам колун сунуу менен жеңип чыгабыз. Оор күндөрдө элибизге тынымсыз иштеп жаткан медицина кызматкерлерерине жана элибиздин аярлуу катмарына союлган малдын этин таратып бердик»,- деди баш имам хатиб.