Ат-Башы районуна 2 жасалма дем алдыруучу аппарат берилди

Нарын облусунун Ат-Башы районуна атын атагысы келбеген демөөрчү тарабынан жасалма дем алдыруучу 2 аппарат жана коргонуучу каражаттар берилди. Бул тууралуу Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахиров маалымдады.

Маалым болгондой, атын атагысы келбеген Бишкек шаарынын тургуну, Түркия мамлекетинен 20-жасалма дем алдыруу апаратын буйрутма менен алдырып, Кыргызстандын аймагына таратып берген. Анын ичинен Ат-Башы районуна дагы 2-аппарат, коргонуучу 10-кастюм, 10-көз айнек, 10-респиратор берип жиберген.

«Аллахтын сыноосу элибизге келип турганда Ат-Башынын кулуну эмес, Бишкектин тургуну 5 маал намаз окуган мусулман бир боордошубуз жардамын көрсөттү. Жиберилген жардамды Ат-Башы районунун акимине тапшырып бердик. Элибизде кайрымдуу, берешен адамдарыбызга Жараткан Аллах узун өмүр берсин»,- деди баш имам хатиб.