Ат-Башы районундагы медресе обсервацияга берилди

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Талаа айлындагы медресе обсервация катары пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахиров билдирди.

Анын билдиргенине караганда, Ак-Талаа айлындагы медресе учурдагы кырдаалга байланыштуу жарандарды кабыл алуу үчүн күндүзгү стационар жана обсервация катары пайдаланууга берилген.

«Айылдагы медресе жергиликтүү бийликке жарандарды кабыл кылуучу күндүзгү стационар жана обсервация катары пайдалнууга берилди. Биздин айылдагы имам тарабынан жарандарды кабыл кылуу үчүн атайын шарттарын камсыздап берди. Жалпысынан медреседе 13 керебет даярдалды»,- деди баш имам хатиб.