Жумгал районунун Беш-Терек айылында түлөө өткөрүлдү

Нарын облусунун Жумгал районунун Беш-Терек айылында жума күнү түлөө өткөрүлүп, элдин аманчылыгы үчүн бата тиленди. Бул тууралуу Жумгал районунун баш имам хатиби Рустам Сейталиев билдирди.

Анын айтымында, 10-июль күнү Беш-Терек айылынын тургундары тарабынан түлөө өткөрүлуп, мал союлуп, учурдагы кырдаалга байланыштуу элибиздин амандыгын, мамлекеттин тынчытыгын тиленип бата кылынды.

«Коомубузда болуп жаткан окуяларды эске алып, элибиздин амандыгын, жарандарыбыздын сак саламаттын тилеп айыл эли чогулуп түлөө өткөрдүк. Түлөөдө кичи жандык союлуп, палоо даярдалып чогулган айыл тургундарына берилди. Ошондой эле, малдын эти муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам катары таркатылды. Жараткан Аллах элибизге аманчылык берсин, эртерээк оорудан куткарсын»,- деди баш имам хатиб.