Дин кызматкерлери тарабынан окулган 362 Курани Хатым ааламдан өткөн аалымдарга багышталып, эл-жерибиздин тынчтыгы үчүн дуба, тилектер кылынды

Бүгүн, 13-июлда ордо калаабыздагы имам Сарахси атындагы башкы мечитте Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү бардык дин кызматкерлери, медресе окуучулары тарабынан окулган 362 Курани Хатымды мурдагы Азирети Муфтий, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун,  Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Садридин ажы Маджитовдун, «Лукман аль-Хаким» Ислам институтунун ректору  Лугмар ажы Гуахуновдун жана бул оорудан көз жумган бир туугандарыбыздын арбактарына багыштап, дуба кылды. Муну менен катар Азирети Муфтий окулган ыйык Курандын урматынан мекенибизге, элибизге амандык, тынчтык, ынтымак, биримдик, токчулук жана ар кандай оорулардын, кырсыктардын болбоосун Жараткандан тилеп дуба кылды.

«Алла Таалам ушул окулган 362 Курани Хатымды кабыл кылсын. Дайыма элибизде, жерибизде, мамлекетибизге тынчтык, биримдик жана ынтымак болсун. Ооруп жаткан бир туугандарыма Жараткан шыпаасын берип, тез айыгып чыгышсын. Мындай оорулардын кайталанбоосун Алла Тааладан тилейбиз»,-деди Азирети Муфтий.

Иш-чарага Азирети Муфтийдин орун басарлары Жоробай ажы Шергазыев, Замир каары Ракиев жана Муфтияттын бөлүм башчылары, мечит жамааты катышты.