![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2020/07/107617698_1670166093152681_6544883326838885809_o.jpg)
Бүгүн, 14-июлда Ош шаарында Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов аталган окуу жайдын атынан Ош Куран борборун Ош мэриясына учурдагы кырдаалга байланыштуу убактылуу обсервацияга расмий түрдө берди.
Иш-чарага Ош шаарынын Мэри Таалайбек Сарыбашев КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов баш болгон эмгек жамааты катышты.
Анда Абдишүкүр ажы обсервацияга 5 даана концентратор жана 60 даана медициналык коопсуздук кийимин тапшырып, бул жакта эмгектенген дарыгерлердин жана кызматкерлердин тамак-ашын, муктаждыктарын да камсыздай турганын баса белгиледи.