Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылында Жараткандан амандык, тынчтык тилеп түлөө өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылында Жараткан Алла Тааладан амандык, ар кандай кырсыктан, өлүм-житимден алыс болушун тилеп түлөө өткөрүлдү. Бул туурасында Жети-Өгүз райондук хатибиятынан билдиришти.

«Акыркы убакта мекенибизде биз күтпөгөн окуялар болуп кетти. Элибиздин жылдызы болгон аалымдарыбыздын арабыздан кетиши, оору-сыркоонун көбөйүшү, ар кандай жаратылыш кырсыктары бул көрүнүштөрдү көрүп жалпы жамаат менен Жаратканга кайрылып, дуба кылып, амал тартуулоону чечтик”-деди Тилекмат айылынын имамы Жолдош Өмүрканов.

Түлөө ата-бабаларыбыздан келе жаткан салт. Эн негизгиси динибизде ар кандай кырсык-балээден сактоочу бул садака экендигин, элибиздин-жерибиздин амандыгы, тынчтыгы жалпыбыздын тилегенибиз экендигине токтолушту демөөрчүлөр.

Айта кетсек: Сейитказиев Аскат, Бараканов Руслан, Усупов Бакыт, Торгоев Бакыт, Сакеев Канат, Алымбеков Эрмек, Абылгазиев Элдияр, Конокбаев Абдурахим аттуу жарандардын демөөрчүлүгү менен курмандыка 1 бодо мал, 7 кой союлду. Эти жардамга муктаждарга, кары-картаңдарга, аз камсыз 80 үй-бүлөгө тарытылып берилди.